Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

11:40 Сартбай Жайчыбеков: 2002-жылдын 18-мартындагы кан төгүүлөргө жалгыз Садиев айыптуу эмес


Бул тууралуу Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын пикири боюнча 2002-жылдын 18-мартында Аксыда “Тайфун” операциясынын комендантынан башка дагы ондогон мамлекеттик жана милиция кызматкерлери болушкан. Алардын башында ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев турат, деп белгиледи адвокат. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Аксыда өткөн Элдик сотто 2002-жылдын 18-мартындагы кан төгүүгө “Тайфун” операциясын ишке киргизүүгө буйрук берген ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Курманбек Бакиев баш болуп күнөөлүү деп табылган.
Кечээ Башкы прокуратура 2002-жыл 18-марттагы окуя боюнча мурда токтотулган кылмыш иши кайра козголуп, тергөө соңуна чыгарылгандыгын, кылмыш иштин алкагында Калмурат Садиевге кызмат абалынан ашыра пайдаланган деп айып коюлгандыгын кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG