Жергиликтүү кабарчыбыздын билдиргени боюнча маалымат жыйынын 3-апрелде болот. Анда ВИЧ инфекциясын жугузган балдардын ата-энелеринин көйгөйлөрү тууралуу соз болмокчу. Жыйындын демилгечиси болуп жаткан “Рейнбоу маалымат борборунун” кабарчыбызга билдиргени боюнча айрым ата-энелер каржылык жактан кыйналып жашашат, кээ бирлеринин ВИЧ инфекциясы тууралуу эч кандай маалыматы жок.
31-мартта “Кылым шамы” бейөкмөт уюму Башкы прокуратура 41 баланын ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иши менен коомчулукка жана президентке туура эмес маалымат тараткан деген билдирүү менен чыккан эле. Ал эми Башкы прокуратура кечээ бул билдирүүгө жооп кылып маалымдама таратып, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму бул иш боюнча кызматтык сырды ачып жиберди, деп күнөөлөгөн. (ZKo)