Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Анын айтуусунда Бишкек ТЭЦинен алынган жылуулук үчүн төлөмдөр 20% кымбаттайт. Жылуулук баасынын кымбатташынын себебин премьер-министр ТЭЦти оңдоо иштери менен түшүндүрдү. Быйылкы жылы ТЭЦти оңдоо иштерине 1 млрд 700 млн сом талап кылынат. Ал эми электр энергиясына баа көтөрүлсө 1 кВт саат энергия 70-71 тыйынга чыгат. (ZKo)