Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

14:35 “Мэри Клэр” мода журналына жарыяланган макала боюнча Франциядагы кыргыз элчилигине териштирүү жүргүзүү тапшырылды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Франциянын “Мэри Клэр” мода журналына “Жибектен нашаага” деген макала жарыяланган. Анда Кыргызстандын аялдары тууралуу туура эмес, чындыкка коошпогон материалдар берилгени - жалпы Кыргызстандын аялдарынын беделине көлөкө түшүрдү, деп белгилешти маалымат жыйынынын катышуучулары. Алардын бири “Кыргыз аты” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жаклин Рипар Кыргызстанга сегиз жылдан берип келип турганын айтып, журналдагы макала өтө жалпылап жазылган, анда чындыкка коошпогон фактылар бар деген пикирин билдирди. Бир нече тилдерде жарык көрүүчү “Мэри Клэр” мода журналына өткөн жумада жарыяланган макалада Кыргызстан аялдарынын турмуш жолунда үч эле жол бардыгы: же аларды бойго жете элек кезинде ала качып кетишет, же сойку болушат же баңги болуп кетет, деп айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG