Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

16:28 Кембагалдарга жардам берүү боюнча мэриянын демилгесин ишкерлердин көбү колдогон жок


Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Эрмек Козубековдун маалымдашынча, жети миңден ашуун шаардык ишкерлердин 70 пайызы Бишкек мэри Данияр Үсөновдүн кедей-кембагалдарга айына 3500 сом акча бөлүп берүү чакырыгын колдогон жок. Мэрдин бул демилгесин колдоо-колдобоо ишкерлердин өз ыктыярында деп айтылган. Анткен менен “Ишкерлер союзунун” аткаруучу директору Үсөн Кыдыралиевдин айтымында, кедей-кембагалдарга жардам көрсөтүү ишкерлердин ыктыярында деп айтылганы менен, бизнесмендердин көпчүлүгү мэриянын каарына калгысы келбейт. Андыктан колунда жокторго башка жолдор менен жардам көрсөтсө болот, дейт ишкер. (JTo)

XS
SM
MD
LG