Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

16:48 Акбар Сарманбетовдын өлүмү боюнча айыпталып аткандар көчүп кетип атышат


Бул туурасында айыпкер тараптын адвокаты Хайдар Касымов «Азаттыкка» билдирди. «Жергиликтүү тургундардын коркутуп үркүтүүлөрүнүн негизинде айыпталып жаткандардын бири Акрам Исаровдун үй- бүлөсү айылдан көчүүгө аргасыз болду. Буга сөзсүз түрдө улуттар аралык мамиленин тиешеси бар», - деди адвокат. Ал эми каза болгон баланын атасы Айдарбек Сарманбетов айыпталып жаткандардын экөөнүн үй- бүлөсү айылдан көчүп кеткенин жана үчүнчүсү үйүн сатыкка койгонун айтты. «Уйгур диаспорасынын атайын гезитине Маловодная айылында улуттар аралык мамиле күчөп жатат деген макала жарык көргөн. уура эмес макала үчүн гезитти сотко бергени жатам», деди каза болгон баланын атасы. Өткөн жылдын 8- май күнү Сокулук районунун Маловодная айылындагы кыргыз жаштары менен уйгур улутундагы жаштар ортосунда уруш чыгып, анда 20 жаштагы Акбар Сарманбетов башынан жана ички органдарынан өтө катуу жараат алган. 10- майдын таңында ата-энеси Акбардын сөөгүн өз үйүнөн табышкан. Азыр кылмышка шектүү деп кармалгандардын бирөө убактылуу кармоочу жайда олтурат.(JJ)

XS
SM
MD
LG