Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

КАЗАКСТАН ОЛИМПИАДА ОТУН КАБЫЛ АЛДЫ (Сүрөт баян)


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Бээжинге жеткирилчү Олимпиада оту 24-мартта Грекиядагы байыркы Олимпиа стадионунда жагылып, жолго чыккан.



Кытайда августта өтө турган оюндардын алдында 20 өлкөдө боло турган Олимпиада отун Алматынын жанындагы лыжа тебүүчү жайда казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алды.





24-мартта Грекияда жагылып жолго чыккан шамана Бээжинге 8-август, Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олимпиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басат. Олимпиада оту дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусу, ошондой эле Тибет аркылуу да өтөт.





Тибеттеги демонстрациялардын күч менен басылышына байланыштуу нааразылык акцияларын болтурбоо аракетинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Анын аралыгында, кытай бийликтери Тибеттеги айрым топторду жанкечтилердин отряддарын түзүп жатат деп айыптады. Бул айыптоону тибеттиктердин руханий көсөмү Далай-Лама четке какты.

Сүргүндөгү Тибет өкмөтүнүн соңку маалыматы боюнча, Тибеттеги калабада 135 киши набыт болгон, 1300дөн ашуун адам камакка алынган.
XS
SM
MD
LG