Кайрылууга кол койгон 62 адам өз арызында айылда таза жана эгин суусу чыкпай калгандыгын белилешкен. Суунун жоктугунан бак-дарактарды кууратып албоо үчүн Көкарт дарыясынан суу болуп алууга аргасыз болуп жаткандыгын билдиришкен. Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда айылга суу түтүгүн куруу, электр жарыгын тартуу, жашого ылайыктуу шарттарды түзүү үчүн эки жыл мурда 31 миллион сомдук долбоор даярдалып, натыйжада анын көбү аткарылган. Орток токой чарбасында 1994-жылы жер көчкү болгондо 168
үйбүлөнү ал жерден көчүрүү маселеси чечилген. Алардын арасынан 68 адамга райондун Кызылтуу айыл өкмөтүнөн үй-жай курууга жер ажыратылып берилген. Чукул кырдаал кызматынын маалыматында райондун табият кырсыгы күтүлгөн жайларында эки миңдей адам жашайт. (YA)