Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

17:45 “Мен ишенбейм..” акциясынын төрт катышуучусун Биринчи Май райондук соту административдик жазага жыкты


“Мен ишенбейм..” акциясынын катышуучулары Жоомарт Сапарбаев, Гулшаир Абдирасулова, Наргиза Абдылдаева жана Айбек Бакасовго административдик кодекстин 392-беренесине ылайык пикет, митингдерди өткөрүү тууралуу эрежени бузган, деп айып менен 2000 сомдон жаза айып салынды. Булардын Коомдук коргоочусу Азиза Абдурасулова бул тууралуу “Азаттыкка” билдирип, жаштардын административдик мыйзам бузганы далилденбесе да сот бир жактуу чечим чыгарды, деп айтты. Анын айтуусунда митинг-пикеттерди өткөрүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтому жана Башкалаа тууралуу мыйзам Конституциялык соттун өндүрүшүндө турганына карабастан, Биринчи май райондук соту чечим чыгарганы мыйзамга жатпайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG