Бул тууралуу бүгүн “Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттик акционердик коомунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков акционерлердин чогулушунда билдирген. “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлаганы боюнча 2007-жылы каттамдарды тейлөө 2006-жылга караганда 13,5% көбөйүп, жүргүнчүлөрдү ташуу 24,7% өскөн. Жалпысы болуп былтыркы жылы эл аралык “Манас” аэропорту аркылуу 894 932 жүргүнчү учкан. Быйыл “Манас” аэропорту жүргүнчүлөрүнүн санын 1 млн го жеткирүүнү максат кылууда.
Ушул тапта “Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттик акционердик коомунун курамында 3 эл аралык, 6 ички аба каттамдарын жүргүзгөн аэропорт бар. (ZKo)
Ушул тапта “Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттик акционердик коомунун курамында 3 эл аралык, 6 ички аба каттамдарын жүргүзгөн аэропорт бар. (ZKo)