Орусиянын баш калаасы Москванын Зюзин райондор аралык прокуратурасы А.Анарбаевди өлтүрүү фактысы боюнча кармалган төрт адамга улуттук касташуу боюнча айып тагып, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле А.Жаркынбаев жана Ф.Касымовду өлтүрүү фактысы боюнча Москва шаардык прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөө комитети иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу беш адамга улуттук жек көрүү боюнча өлтүргөн делип айып тагылган. Ал эми Москва шаардык прокуратурасы М.Юсуповду, С.Токтобердиевди, М.Акматовду өлтүрүү фактысы жана Э.Эргешованы өлтүрүүгө кол салган , Ж.Абдымажитовдун денесине зыян келтирген фактылар боюнча иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы тууралуу Москва шаардык прокурорунун орун басары К.Юдин Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине маалымдаган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)