Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:28

Канада Ооганстандагы аскерий күчтөрүн калтырууну чечти


Канадалыктар Франция Ооганстанга кошумча аскерлерин жибере тургандан кийин ушундай чечимге келди. Эми Канадалык күчтөр Ооганстанда бери дегенде 2011-жылга чейин болоору күтүлүүдө. Буга чейин Канада НАТОнун өнөктөштөрү кошумча аскер күчтөрүн киргизбесе талиптерге каршы күрөшүп жаткан Ооганстандын түштүк аймагындагы 2 миң 500 жоокерин келерки жылы чыгарып кете турганын билдирген. Франция Ооганстанга аскер күчтөрүн жиберип жатканын расмий түрдө НАТО саммитинде билдирди.
XS
SM
MD
LG