Ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынытыгы көрсөткөндөй парламенттеги орундардын жарымын “Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн” оппозициялык кыймыл ээледи. Оппозиция өкүлдөрү ишембиде өткөн президенттик шайлоодо алардын талапкери Морган Тсвандирай жеңишке жеткенин билдирүүдө. Бирок шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Зимбабвенин президенти Робрет Мугабе өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келе жатат.