Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

10:15 Паспорт алуу баягыдай эле азап болууда


Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын бүгүн парламентте билдиргени боюнча өлкөдө паспорт кризиси чечиле элек. “Таласта үч-беш айдан бери паспорт алалбай, мөөнөт күтүп отурушат. Бир паспорт үчүн 300-500 доллар сурашат экен. Ушул маселени сөзсүз түрдө эске алып, чечип берүүсү керек,” деди депутат. Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган маалымат боюнча бүгүнкү күндө ID карт 8 күндө, ал эми жалпы жарандык паспорт 20-21 күндө даяр болот. МРТМА маалыматы боюнча өткөн жылы 267 739 жалпы жарандык паспорт, 367 777 ID карт даярдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG