Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

10:30 Парламент түрдүү маселелерди талкуулоону аяктады


Депутаттар жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө, күйүүчү май, үрөн жана техниканын жетишсиздигине нааразылыктарын билдиришти. Мындан тышкары электр энергиясынын акыбалы, көп бала төрөгөн энелердин социалдык жеңилдиктерин калыбына келтирүү, курулуш материалдарынын кымбаттаганына байланыштуу тынчсызданууларын парламенттегине өкмөттүн жана президенттин өкүлдөрүнө маалымдашты. Депутат Бейшенбек Абдыразаков жаңы конуштардын тургундарына цементти арзан баада берүү тууралуу Кант цемент шыйпыр комбинатына коюлган милдеттенмени кайрадан жаңыртууну талап кылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG