Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

15:00 Турсунбай Бакир уулу: Баткен коогалаңында туткунга түшкөн жапондорду куткарууга берилген 3 млн доллардын жигин мурдагы бийлик билет


Мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргени боюнча жапон өкмөтү 1999-жылкы Баткен коогалаңында туткунга түшкөн жапон геологдорун куткарып алуу үчүн 3 млн доллар бөлүп берген. “Бирок анын 0,5 миллиону кайда кеткени белгисиз, ал эми 2,5 млн долларды согушчандарга берилгени тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаковдун колу коюлган каты бар,” деп белгиледи мурдагы Акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулу мындан тышкары анын колунда согушчандар жапон геологдорун бир тыйын албай кое беришкени тууралуу тасма бардыгын айтып, муну жапон журналисттери да бекемдешерин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG