Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

18:22 Баткендеги чегара маселелери борбордун кийлигишүүсү менен гана чечилет


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинде өткөн кеңейтилген коллегияда айтылды. Жыйынга болгону бир маселе - Баткендеги чегаралаш аймактардагы абалды стабилдештирүү коюлду. Ага өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов, миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин башчысы Айгүл Рыскулова, өкмөттүн регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, чегара кызматынын башчысы Замир Молдошев жана башка министрликтердин өкүлдөрү катышты. Кеңешме башталганга чейин Бишкектен келген жетекчилердин тобу 26-27-марттагы Аксай айыл өкмөтүндөгү тажик-кыргыз суу чатагы орун алган аймакта болушуп, жергиликтүү тургундардын электр энергиясы, ичүүчү жана суугат суу, жумушсуздук туурасында бир катар арыз-муңун угуп кайтышты. (SA)

XS
SM
MD
LG