Ал мамлекеттик бийликти кулатууга шыкак бергени үчүн айыпталып, үч жарым жылга соттолду. Өкүм бүгүн чыкты. Тергөө органдары алар укук коргоочунун Интернетте жайгаштырган материлдарына жана анын чет элдик маалымат каражаттарына берген интервьюларына таянганын билдирүүдө. Ху Цзя - Кытайда демократиянын өнүктүрүүнүн жигердүү жактоочусу жана Пекиндин Тибеттеги саясатынын сынчысы катары белгилүү эле.