Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Франциянын кадамынан кийин Канада Ооганстандагы аскерлерин калтырат


Бул тууралуу Канада тарап билдирди. Франция Ооганстанга бир батальон аскерин жөнөтөрүн француз президенти Николя Саркози бүгүн НАТОнун Бухаресттеги саммитинде ырастады.

Мурдараак Канада эгер НАТО боюнча башка өнөктөштөрдөн кошумча миң аскер келбесе Ооганстандын түштүгүндөгү 2500 миң жоокерин алып кетерин эскерткен. Алар эми Ооганстанда бери деген 2011-жылга чейин калары күтүлүүдө.

НАТОнун өкүлүнүн айтымында, Франциянын жаңы баруучу батальону Ооганстандын чыгышына жайгаштырылмакчы, бул ушул чөлкөмдөгү америкалык аскерлердин бир бөлүгүн түштүккө которулуусуна мүмкүндүк берет.

НАТОнун Бухарестеги саммитинин Ооганстанга арналган атайын жыйынына ооган президенти Хамид Карзай да катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG