Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Украина менен Грузия НАТОго кирүү үчүн талапкерлик макамды алууга азырынча даяр эмес


Бул тууралуу бүгүн НАТОнун саммити өтүп жаткан Бухарестен уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдирди. Бирок ал белгилегендей, аталган эки өлкө кайсыл бир күнү уюмдун мүчөсү болот:

-Биз бүгүн бул эки өлкөнүн Мүчөлүк аракет планына (МАП) кирүү арызын колдорубузду ачык көргөздүк. Андыктан эми биз Мүчөлүк аракет планына байланыштуу калган маселелерди чечүү үчүн эки жак менен тең жогорку саясий деңгээлде ургалдуу иштешүүнү баштайбыз. Биз тышкы иштер министрлерин (НАТОнун) жасалган иштерге биринчи бааны 2008-жылдын декабрындагы жолугушууда берүүсүн сурандык.

Кошмо Штаттар бул саммитте Грузия менен Украинага НАТОго өтүү жараянындагы биринчи баскыч – Мүчөлүк аракет планы берилишин кызуу колдогон эле, бирок Франция менн Германия буга каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG