Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

БААЛАР ӨКМӨТКӨ БАШ БЕРБЕЙ ӨСҮП ЖАТАТ


Шаршембиде Азия өнүгүү банкы 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун жарыялап, өнүккөн ири мамлекеттердеги экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Азиядагы бутуна туруп келаткан өлкөлөрдө чоң өсүш болот деп билдирди. Дүйнөлүк баанын жогорулашы Кыргызстанга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн да белгилеп, аны кыйгап өтүү үчүн бир катар сунуштарын айттты.

Азия өнүгүү банкынын божомолу боюнча, Азиядагы өнүгүп келаткан мамлекеттерде жалпы өсүштүн деңгээли быйыл 7,6%, эмдиги жылы 7,8 пайызды түзүшү мүмкүн. Ошол эле учурда инфляциянын көлөмү 5,1 пайызга жетип, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда 10-15%дан кем болбойт.

Инфляцияны ооздуктоо үчүн Кыргызстандын бийлиги чыгаша менен кирешени тактап, экономикалык ийкемдүү саясат жүргүзүшү, акча алмаштыруу курсун жакшы аныкташы, инвестициялык климатты жакшыртып, менчиктештирүүнү ачык жүргүзүшү, жарандык коомдун мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалана билиши абзел деп сунуштады.

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин баамында, тилекке каршы өткөн үч айдын ичинде Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 6%ды түзүп, өкмөт аны кармап калууга аракет кыла албады. Бирок өкмөт азыр деле тезинен чара көрүүсү керек деп, Муралиев төмөнкү багыттарды сунуштады:

-Биринчиден, чыгашаны кескин түрдө кыскартуу керек. Экинчиден, кедейлерге жардам бериш керек. Аларга бюджеттен карыларга, жакырларга, көп балалуу үйбүлөлөргө бюджеттен каражат табыш керек. Себеби азыр табигый газ менен электр энергия баасы өсүп жатат. Ошон үчүн бюрократиялык структураны каржылоодон акчаны алып аларга жардам бериш керек, - деген Амангелди Муралиевдин баамында, Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын бийлиги инвестициялык жагдайды жакшыртуу керек деп туура белгилеген, себеби ал жогорку бийлик тепкичиндеги адамдардын кирешелүү энчисине айланды деген көз караш кыргыз жана чет өлкө коомчулугунда бекем. Демек, аны билген чет элдик инвестор каражатын эч качан тобокелге салбайт:

- Инвестиция тартуу маселеси абдан жашыруун өтүп жатат. Мына Жерүй иштей турган эле ишкана болчу. Бирок инвестиция маселеси абдан бүдөмүк болуп калды. Кимиси инвестор, кандай чечилди, эмне үчүн чечилген жок - аны эч ким билбейт. Ошон үчүн бизге инвестор келбей жатат.

Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров болсо мындай баа менен менен божомолдорго макул эмес. Анын кабарына караганда, өкмөт Улуттук банк менен бирдикте күн сайын бааларга байкоо салып, инфляцияны ооздуктоо чараларын аныктап койгон. Бирок ал дан азыктары менен мунайдын дүйнөлүк баасына түздөн-түз көз каранды.

Эгер өнүккөн ири мамлекеттерде дан менен мунайдын баасы өспөсө, Кыргызстан быйыл инфляциянын көлөмүн мурда белгиленгендей 12-15% деңгээлинде кармап турууга чамасы жетет. Акылбек Жапаровдун айтымында, андан тышкары ички экономикалык чаралар да иштелип чыккан:

-Ал ишкерликти өнүктүрүү боюнча, ал салыктарды жеңилдетип, бирок салык төлөбөгөндөргө катуурак шарт коюп, ошонун негизинде көбүрөөк кирешени казынага алып келүү.

Акылбек Жапаровдун айтымында, министрлик азыр газ жана мунай деген программаны да даярдап, аны ишке ашыруу аракетин көрүп жатат. Бирок, Азия өнүгүү банкы өкмөттүн мындай аракеттерин ишке ашырууга жарандык коомдун аракетин пайдалануу зарыл деп сунуштады.

Бейөкмөт уюмдардын “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, жарандык коом өкмөткө жардам берүүгө даяр, бирок чет өлкөдөн грант алган бейөкмөт уюмдарды жат санаган өкмөт өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү багытында биргелешип иштөөгө азырынча даярдыгын көрсөтө элек:

- Эгерде өкмөт бейөкмөт уюмдарды чакырып, чогуу иштеп, чечимдер натыйжалуу аткарылса, албетте бейөкмөт уюмдар активдүү катышат.

Азия өнүгүү банкы 2005-жылы жоогазын революциясын баштан кечирген Кыргызстанда тамак-аш азыктарына баанын жогорулашы калктын нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн экендигин да белгиледи. Жогоруда экс-премьер-министр Амангелди Муралиев айткандай аны болтурбоо үчүн өкмөт алдын ала иш-аракеттерди көрүүсү зарыл. Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаровдун айтымында, өлкөдө жакыр жана жардамга муктаж деп саналган 291 миң үйбүлөгө көмөк көрсөтүү боюнча Социалдык коргоо министрлиги атайын программа иштеп чыкты.

Анткен менен азыр азык-түлүк, күйүүчү май баасы өсүп, өкмөт электр энергиянын акысы 12%га өсө тургандыгын жарыя кылды. Бул жагдайдан алганда инфляциянын өсүшү өкмөттүн өз милдетин аткарууга чабалдыгын аныктап жатат, дейт экс-премьер министр Амангелди Муралиев:

- Өкмөткө милдеттер коюлуп жатат. Аны жакшы аткарып жатабы, же жаман аткарып жатабы деген суроого инфляция жооп берет. Инфляция кескин түрдө өсүп жаткандан кийин өкмөт менен Улуттук банк алдыга коюлган милдеттерди аткара албай жатат деген жыйынтыкка алып келет.

XS
SM
MD
LG