Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

“МЕККЕГЕ КАРАЙ УЗАК-УЗАК ЖОЛ”


Бул жумада “Учур” телетеатры Султан Раевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/03/3C42EF6E-0BDB-4E48-9831-5ACA6952AAD5.asp пьесасынын негизинде коюлган “Меккеге карай узак-узак жол” спектаклинин премьерасын тартуулашат.

Спектаклде негизинен Меккеге баргысы келген адамдардын образы чагылдырылат. Жалпысынан анда жети киши ойнойт. Анын ичинде император, акын, актриса, жолунан адашкан аялдардын образы бар. Негизинен катышып аткан каармандардын баары жан дүйнөсү ооруп, кыжаалат болгон адамдар. Ал эми чыгарманын негизги идеясына “Учур” театрынын актеру Илим Калмуратов мындайча токтолот:

-Ар бир адам биринчи кезекте өзүн тазалаш керек, жан дүйнөсүн таза кармаш керек. Кудайды көктөн да, Меккеден да издебе. Эң негизгиси чын пейил, ички дүйнөнүн тазалыгы деген нерселерге басым жасалат.

“Спектаклдин атын уккан адам бул оюнда бир диний агым тууралуу сөз болуп, ошол динди үгүттөгөн нерселер айтылат деши мүмкүн. Бирок андай нерсе жок. Башкача айтканда, христиан динин, же болбосо мусулман динин албагыла деген сөз жок”, - дешет артистер.

Бул оюнду тажик режиссеру Барзу Абдразаков койду. Режиссер буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Европанын бир катар мамлекеттеринде болуп, бир канча спектаклдерди сахналаштырган. Бирок бул жолку койгон оюн башкаларга окшобогон өзгөчө спектакль экенин режиссер баса белгиледи:

-Бул оюн формасынын өзгөчөлүгү, драматургиялык сюжети, мазмуну жагынан айрымаланып турат. Ошондой эле жасалгасында да бир топ өзгөчөлүктөр бар.

Барзу Абдразаковдун сөзүн улай “Учур” театрынын актеру Нурдөөлөт Копоев театрдын репертуары башка жанрдагы спектакль менен толукталганын айтып, бул актерлор үчүн да жаңылык экенин кошумчалады.

-Эң биринчиден айтылчу сөздөрдүн ар бир маанилүү орунду ээлейт, андан тышкары актерлордун баскан-турганы, кыймыл аракеттери буга чейин колдонуп жүргөн ыкмалардан тышкары. Ошондой эле буга чейин көрүүчүлөр залда отуруп көрүшсө, бул жолу сахнанын төрт капталында, артистерге жакын отуруп алып көрүшөт.

Негизинен ар бир театр сахналаштыра турган чыгармаларды эки максатта тандайт. Башкача айтканда, акча таба турган жана фестивалдарга көрсөтө турган спектаклдер деп бөлүнөт.

Буга чейин “Учур” театры жеңил темадагы “Апендинин беш аялы” аттуу комедияны сахналаштырган. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун билдиргенине караганда Султан Раевдин “Меккеге карай узак-узак жол” чыгармасын атайын фестивалга ылайыктуу деп тандап алышкан. Спектаклдин бет ачаары 5-6-апрель күндөрү өтөт. Андан соң “Учур” театрынан артистери Нарын жергесине гастролго чыгууну көздөөдө.
XS
SM
MD
LG