Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

10:58 Парламент банк системасына байланышкан бир топ мыйзам долбоорлорун кабыл алды


«КР улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» долбоор боюнча баяндаманы Улуттук банктын төрагасы М.Алапаев жасады. Бул мыйзам долбоорунда Улуттук банк жөнүндөгү жылдык отчет берүү жаңы Конституциядагы нормага шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Суроо берүү маалында бул мыйзам долбоорундагы Улуттук банктын төрагасынын жана анын орунбасарларынын айлыктарын жогорулатып, ал эми калган кызматкерлеринин айлыктары жөнүндө сөз болбогону туралуу беренеге айрым депутаттар каршылыгын билдиришсе, кээ бир депутаттар аны колдошту. Натыйжада бул маселе тиешелүү комитеттин корутундусу добушка коюлуп, кабыл алынды. Ошондой эле парламент «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду да жактырды. Бул боюнча да М.Алапаев баяндама жасап, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор банк ишмердүүлүгүн бекемдөө, өркүндөтүү максатында болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, ошондой эле Улуттук банк баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча ченемдик актыларды чыгаруу укугуна ээ болот.(SM)

XS
SM
MD
LG