“Илим жана билим берүүдөгү проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу эки күндүк тегерек стол 25-апрелде өтөт. Жыйында аталган тармактардагы негизги проблемалар, жогорку билим берүүнүн сапаты, инновациялык технологияларды иштеп чыгуудагы көйгөйлөр жана жогорку билим берүүнү каржылоону жакшыртуу маселелери каралат. Тегерек столго жергиликтүү жана борборазиялык окумуштуулар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары катышат. Иш-чараны Кыргыз улуттук университети уюштурууда.
(AiJu)
(AiJu)