Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

12:10 Кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 318 бодо мал өзбек тарапка кайтарылды


Өзбекстандык кырктан ашуун киши кечээ өз уй-музоолорун алып кетишти. Алардын ар бири эки миң сомдон айып пул төлөштү. Алардын малы менен кармалган кыргыз жаранына тиешелүү 50 чакты кой-эчки да ээсине тапшырылды. Мындай маалымат 4-апрелде Жалалабат бажысынын башчысы Абдилазиз Кайыповдон алынды.Коомчулуктун пикири боюнча облус аймагындагы жайыттарга жергиликтүү тургундар аркылуу өзбек жарандары өз бодо малдарын өткөрүп жиберишет. Облус жайыттарына чыккан өзбекстандык малдардан жайыт акылары толук алынбашы да ыктымал. 30-мартта облустук Ички иштер башкармасы Сузак району аркылуу чек арадан өткөн 338 уй кармалып, бажы терминалына тапшырылганын билдирген. (YA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG