Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:56

12:48 Жалалабат облусунда жашыруун уюмдун мүчөлөрү көзөмөлдө турат


Жыл башынан бери диний экстремисттик багыттагы иш-аракеттери үчүн Жалалабаттын Аксы, Сузак, Базаркоргон, Ноокен аймактарынан 10 адам кармалды. Алардан “Хизбут-тахрир” партиясынын саясатын үгүттөгөн 453 китеп-баракча, 12 компакт диск менен бир компьютер алынган. Партиянын Сузак районундагы эки мүчөсүнө кылмыш иш ачылып, алардын бири эч жакка кетпөө талабы менен бошотулган, экинчиси абакта олтурат. Расмий катталбаган уюмдун облустагы мүчөлөрү иштеп акча табуу үчүн башка өлкөлөргө кеткендиктен “хизбутчулардын” саны азаюуда. Түшүндүрүү иштеринин үзүрү менен жыл башында 15 киши андан баш тарткандыгын билдирген. Ушул тапта каттоодо уюмдун 718 мүчөсү калды. Мындай маалымат 4-апрелде облустук Ички иштер башкармасынын диний экстремизге каршы күрөшүү бөлүмүнөн алынды. Партиянын атын атабаган мүчөсү “хизбутчулар” ар түрдүү курактагы адамдар арасында жашыруун иш жүргүзүп жатышкандыгын, колдогондор көп экендигин, бирок так санын айта албай тургандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG