Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

13:48 И.Масалиев: Каржылык мыйзам бузуулар үчүн айыл өкмөттөрүнөн башка эч ким айып тарткан жок


Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев бүгүн Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын жылдык ишин талкуулап жатканда билдирди. Анын пикиринде, Эсеп палатасынын отчетунда келтирилген “кемчиликтер” деген түшүнүк туура эмес. “Мыйзамда “мыйзам бузуу” деген түшүнүк бар, эгерде бул орун алса, анда кемчилик келтирилди дебестен, мыйзам бузулду деп эле айтуу керек”,-деди Масалиев. Анын айтымында каржылык мыйзам бузуулар үчүн айыл өкмөттөрүнөн башка эч ким айып таркан эмес. “Андыктан, президент айткандай, күнөөлүү болгон жетекчилерди кызматынан кетирүү керек. Негизинен жетекчинин аброюна кыпындай шек келсе эле болду, аны кызматтан бошотуу маселеси каралышы керек”,-деди И.Масалиев. Анын айтымында учурда ар бир министрликте, жада калса Жогорку Кеңеште каржылык мыйзам бузуулар бар. (AiJu)

XS
SM
MD
LG