Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

14:33 Парламент Эсеп палатасынын төрагасынын отчетун жактырды


Жогорку Кеңеште бүгүн Эсеп палатасынын төрагасынын бул мекеменин 2007-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө анын төрагасы Искендер Гаипкуловдун отчету угулду. Төраганын айтымында, 2007-жылы республика боюнча 1802 аудитордук текшерүү жүргөн. Бюджеттик ишканалар он эки минден ашык жолу, жергиликтүү бийлик органдары 170 жолу текшерилген. Бул иштердин жыйынтыгында өлкөгө 4,5 млр. сом жана алты млн. долларга зыян келтирилгени маалым болгон. Төраганын белгилешинче, Эсеп палатасы бюджеттин аткарылуусундагы каржы тартибинин бузулушуна өзалдынча баа бералбайт, ал боюнча актыларды тийешелүү органдарга өткөрүп берүү менен гана чектелет. 2007-жылдын ичинде КР Эсеп палатасы тарабынан аудиттик текшерүү иши боюнча 243 акты прокуратура органдарына өткөрүлүп берилип, 184 иш азырынча карала элек жана 95 текшерүү боюнча козголгон иш кайра жабылгандыгына байланыштуу кайтарылып берилген. Талкуу учурунда айрым депутаттар кайтарылып берилген ошол актылардын эмне себептерден улам жабылып калгандыгын дагы тереңирээк иликтеп чыгып, так маалымат берүү сунушун киргизишти. Натыйжада жашыруун добуш берүү менен Эсеп палатасынын 2007-жылдагы ишмердүүлүгү 65 добуш менен канааттандырарлык деп табылды. (SM)

XS
SM
MD
LG