Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

16:10 Кадыр Кошалиев: ЭлТРга кызыккан күчтөр көбөйө баштады


Бул тууралуу президенттин жардыгы менен бүгүн ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директорлугунан бошогон Кадыр Кошалиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. “Мени өткөн айдын орто ченинде президенттик администрацияга чакырышып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазуумду айтышкан. Бирок алар анын себептерине жана бул тууралуу президент билеби деген суроомо түшүндүрмө бере алышкан эмес, менин ордум башка кимдир бирөөлөргө керек окшойт”, - дейт Кадыр Кошалиев. Ал ошондой эле президенттин жардыгын сыйлап, ордун бошотуу менен башкы деректирдин милдетин аткаруучулукка келген Мамырайым Дуванаевге ийгилик каалап чыгып кеткенин кошумчалады. (SM)

XS
SM
MD
LG