Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Австралия Ооганстандагы миналардан тазалоо иштерине 9 миллион доллар бөлүп бермей болду


Бул жөнүндө тышкы иштер министри Стефен Смит бүгүн Миналарга каршы эларалык күнүн белгилеп жатып жарыялады. Смиттин айтымында, миналар Ооганстанга ири чыгым алып келүүдө. Австралиянын тышкы иштер министри ошондой эле НАТО өлкөлөрүн Ооганстанды калыбына келтирүүгө жана коопсуздукту камсыздоого көбүрөөк аскер жиберүүгө чакырды. Ооганстанда австралиялык 1 миңдей жоокер кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG