Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

НАТОнун баш катчысы: Орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр позитивдүү өттү


Бирок талаштуу маселелерде олуттуу алга жылуу болгон жок. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдирди. Путин бүгүн Бухарестте өткөн НАТО-Россия кеңешинин жыйынына катышты. Кечээ альянс АКШнын антиракеталык системасынын бөлүктөрүн Чыгыш Европага орнотуу планына колдоосун билдирген. Москва болсо ага караманча каршы. Бүгүн НАТОнун Бухарест саммити соңуна чыгууда.

Анын алдында болсо НАТО-Украина комиссиясынын жыйыны болду. Альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Украина менен Грузиянын уюмга кабыл алынаарынан күмөн санабай турганын билдирди.

Кечээ бул жолку саммитте эки өлкөгө Мүчөлүк аракет планы сунуш этилбейт деп расмий жарыяланган. Киев менен Тбилисини сөз болгон долбоорго камтуу маселеси декабрда НАТОнун тышкы иштер министрлери жыйынга чогулганда каралмакчы.

XS
SM
MD
LG