Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

10:20 Чолпоната шаарындагы “Элнур” базарынын соодагерлери өз товарларын ала албай турушат


“Элнур” базары санитардык, архитектуралык жана өрт коопсуздук жагы талапка жооп бербейт деген негиз менен 2-апрелден бери жабылып, бардык эшиктерин милиция кызматкерлери кайтарып турат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун адиси Рыскүл Алиеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, ушул тапта 250 соодагер базарга кире албай сыртта турат. “Базарда соодагерлердин тез бузулуучу товарлары бар, эгерде курчоону алса, көз карандысыз юрист, адисттер менен кирип өз чыгымдарын эсептеп чыгышмак”, - деди Р.Алиева. Анын айтымында, “Элнур” базарында 300гө жакын соодагер жан багып келген. Алардын көбү пенсионерлер жана көп балалуу аялдар.

Рыскүл Алиеванын маалыматына ылайык, буга чейин соодагерлерге башка базарга көчүрүү тууралуу эч кандай эскертүү жасалган эмес. “Жергиликтүү бийлик сунуш кылып жаткан жаңы базар соодагерлердин талабына жооп бербейт жана шаардын сыртында. Биздин баамыбызда, “Элнур” базары көлдүн жээгине жакын жайгашкандыктан жеке пансионат куруу үчүн кимдир бирөөгө керек болгон”, - деди “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун адиси Р.Алиева.

Чолпоната шаарындагы “Элнур” базары 2-апрелде жабылып, 3-апрелде райондун прокурору Данияр Эркинбаев “базардын жабылышына негиз бар, жергиликтүү бийликтин кадамы туура” деген бүтүм чыгарган. Бирок соодагерлер нааразы болуп, эми жогорку инстанцияларга кайрыла тургандыктарын белгилешүүдө. Жергиликтүү бийлик болсо, прокурордун мындай чечиминен кийин базар сөзсүз түрдө көчүрүлөрүн эскерткен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG