Бул тууралуу муфтийдин орун басары Мамбетасан Ибраев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Учурда өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыгынан атайын комиссия келип облустун район шаарларында жергиликтүү имам, хатиб жана казылардын денгээлин текшерип, аттестациядан өткөрүүдө. Маалыматка ылайык, республика боюнча мындай текшерүү аяктаган соң аймактардагы дин кызматкерлеринин деңгээли, диний кырдаал тууралуу атайын отчет өкмөткө да жиберилет. (SA)