Президенттин тапшырмасы менен Талас облусуна барган биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин бул аймактагы иш сапары бүгүн да уланып жатканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ал кечээ Талас жана Бакайата райондорунда жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышкан. Искендербек Айдаралиев үч күндүк иш сапарыныны соңунда бүгүн облустун активи менен жыйын куруп, анда уюштуруу жана жазгы талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү, мурда алынган кредиттердин кайтарымдуулугун камсыздоо, калктын электр кубатын пайдаланууга болгон карызын кыскартуу жана алдыдагы кышка даярдык маселелери талкууланаары кабарланууда. (SM)