“Тынчтык-маданият жарыгы” укук коргоо борборунун лидери Максим Кулешов 5-апрелде Биринчи май райондук сотунун ага 3 миң сом айып пул таккан чечимине макул эместигин бүгүн” Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ өкмөт үйүнүн жанында “Диктатураны колдойбуз” деген акция өткөрүп, зымтор сатып алыш үчүн акча чогулта баштаганда милиция кызматкерлери аны кармап кетип, административдик кодекстин 392-беренеси боюнча айып таккан. “Өлкөдө мыйзамдуулук өкүм сүрмөйүнчө “Демократиядан диктатураны колдоо” акциясын уланта берем”,-дейт Кулешов. (AJ)