Ушул тапта Кыргызстанда 24 авиакомпания катталып, анын 21и иштеп жатат. Бир компания банкрот деп табылды. Бул тууралуу жарандык авиация департаментинин деректири Алик Аскаров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2007-жылдын 11-сентябрында «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясы Бишкек шаардык соту тарабынан банкрот деп табылган. 15-апрелге чейин 12 авиакомпанияда текшерүү иштери өткөрүлүп, эл аралык талаптарга жооп берген компаниялар мындан ары дагы ишин уланта алат. Алик Аскаров 30-апрелден тарта 22-октябрга чейин Бишкеке-Астана-Бишкек маршруту ачылаарын дагы кошумчалады. (ZMa)