Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Аба ырайы: 7-апрелде күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 7-апрелде күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.
Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +4...+9, күндүз +12...+17 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +11...+16 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +14...+19 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14 градус.
Нарын жергесинде түнкуүн 0...+5, күндүз +7...+12 градус.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +15...+17 градус.

Күндүн узактыгы: 13 саат.

XS
SM
MD
LG