Орусиянын президенти АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу үчүн калканч куруусуна каршы бойдон экенин билдирди. Бирок Кара деңиздеги Сочиде АКШнын президенти менен өткөргөн пресс-конференцияда Путин эки тарап келечекте мунасага келиши мүмкүн экендигин кошумчалады. Буш өз кезегинде Орусиянын Дүйнөлүк Банкка кошулуу ниетине колдоо билдирди.