Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

9:10 Б.Жээнбеков: Доогерлерге жан тартып колдоо көрсөтүүгө сот органдары даяр


Бул тууралуу”Азаттыкка” билдирген “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун айтымында, доогерлердин жасап аткан мамилесине караганда эркин басылмага карата алар кысым жасап атышат деп айтууга болот. Баш редактор бул маселеде эч кандай күнөөлөрү жок экендигин, эгерде сот мыйзамдын жолу менен чечим чыгарса алардын пайдасына чечиле тургандыгын билдирди. Президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиев март айынын башталышында адамдык абийириме доо кетирди деп “Алиби” менен “Де-факто” гезитине каршы Биринчи май райсотуна арыз берип, моралдык чыгымы үчүн гезиттерден 1 млн. сомдон, макаланын авторлорунан 500 миң сомдон доо койгон. Анын доо арыз жазышына жогоруда аталган гезиттерде Акбар Молдокуловдун өлүмүнө байланыштуу автокырсыкка А.Салиевдин тиешеси бар деген макала себеп болгон. Бул боюнча 18-мартта жана 28-мартта соттук териштирүү болуп доогер чет жакта окууда жүргөндүгүнө байланыштуу сотко өзү катыша алабай анын эки адвокаты катышкан. “Алиби” гезитинин редактору сотко маркум Молдокуловдун бир тууган эжесин катыштырууну өтүнгөн эле. Бүгүн саат 14:00 Биринчи май райсотунда сот иши улантылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG