Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

16:04 К.Бакиев: Өкмөттүн макулдугусуз өкмөт мүчөлөрүнүн эч кимиси өкмөттүн атынан сүйлөгөнгө укугу жок


Бүгүн президент Курманбек Бакиев премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алып, мамлекет башчысы берген тапшырмалардын кандай аткарылып жатканы тууралуу маалымат укту. Маек башында мамлекет башчысы премьер-министрдин көңүлүн кээ бир өкмөт мүчөлөрү, министрлердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлиндеги чиновниктер өкмөттөр аралык жолугушууларда же чет өлкөлөрдө командировкада жүргөндө тигил же бул маселе боюнча жекече көз караштарын республиканын өкмөтүнүн позициясы катары билдирип жүрүшкөндөрүнө бурду. “Премьер-министрдин жана жалпы өкмөттүн макулдугун албай туруп өкмөт мүчөлөрүнүн эч кимиси өкмөттүн атынан сүйлөгөнгө укугу жок. Өкмөт тарабынан расмий укук алмайынча жооптуу билдирүүлөрдү жасаганга болбойт. Мен сизден алардын баарын катуу эскертип коюңузду суранам, эгер ушундай көрүнүш кайра кайталанчу болсо алар дисциплинардык жазага дуушар болушат”- деди К.Бакиев. Андан ары президент менен премьер-министр өлкө экономикасын талкууга алышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз кызматы билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG