Бүгүн жазгы талаачылык жумуштарынын абалы боюнча коомчулукка айыл, суу жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев маалымат бергени жатат. Жогорку Кеңештин жер агрардык маселелер комитетинин кабарына караганда, Чүй, Ысыккөл, Нарын жана Талас облустарынын жазгы талаачылык иштерине 5,8 миң куб күйүүчү-майлоочу май жетпей кармалып жатат. Январда жарыяланган тендерге ылайык “Кыргыз-Руснефтехим” ишканасы дыйкандарга литрин 20,5 сомдон май берүү милдетин алган. (BuS)