Кечээ президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов менен жолугушууда ушинтип билдирди. Муфтий мусулмандардын жаңы мечитинин курулушу жакында башталып, үч жылда курулуп бүтөт деп билдирди президентке. 10 миң мусулман бир учурда намаз окуй турган мечит куруу үчүн өкмөт шаардын борборунан алысыраак жерден 10 гектар бөлүп берген. Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев коопсуздукту сактоо максатында борбордук аянттан айт намаздарды башка жайга которууну өкмөткө сунуш кылып, ал кезегинде мусулмандар арасында нааразылыкты жараткан. Айт намаздарга борбордук эски аянтка 60 миңдин тегерегинде мусулман келери айтылып жүрөт. (BuS)