Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

8:22 Каркыра маселеси боюнча элдик талкуу болот


Кыргыз-казак чегарасына байланышкан маселени бүгүн жергиликтүү эл өкүлдөрү Түп шаарчасында талкуулаганы жатат. Жарандык коом уюштуруп жаткан бул жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттик администрациянын өкүлдөрү катышаары кабарланууда. Кечээ Ысыккөлдүн Каркыра жайлоосундагы талаштуу чегара аймагы менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин төрага орун басары Чолпон Баекова баштаган депутаттык комиссия Каркырага жөнөп кетишкен. Чегараны тактоодо Каркыра жайлоосундагы 620 гектар жер казак тарапка берилген. Анын ордуна ошондой эле сапаттагы андан көп жер алынды деп санаган Кыргыз өкмөтү маселенин көтөрүлүшүн кандайдыр бир саясий топтун кызыкчылыгы катары баалап жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG