Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Мазахир Панаховдун билдиргенине караганда, шайлоо күнү Конституцияга ылайык белгиленди. Көз карандысыз маалымат каражаттары жана оппозиция тарабынан сынга кабылып келаткан азыркы президент Илхам Алиев кайра шайланаары тууралуу божомолдор айтыла баштады. Азербайжан газга жана мунайга бай өлкө жана ал Иран менен Орусия ортосунда стратегиялык абалды ээлеп турат.