Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Парижде Олимпиада отунун жүрүшү үзгүлтүккө учурады


Кытай бийликтеринин Тибеттеги саясатына, Кытайдагы адам укугун бузууларга нааразылык билдирген демонстранттар тобу эстафетанын жүрүшүнө түрдүү ыкмалар менен тоскоолдук кылышты. Ушундан улам Олимпиаданын оту күйгөн факелди бир нече жолу өчүрүп, автобустун ичине алып кирүүгө туура келди. Полициянын маалыматына караганда, Парижде Олимпиада отунун жүрүшүнө тоскоолдук кылууга аракеттенгендердин жыйырма сегизи кармалды. Ушундай эле мүнөздөгү нааразылык чаралары Олимпиада оту Парижден мурда Лондондо болгондо да өткөн эле.

Эртең Олимпиада оту АКШнын Сан-Франциско шаарына келери күтүлүүдө. Аны утурлай Олимпиада отун нааразылык менен тосуп алууга камынып жаткандардын үчөөсү тарабынан кечээ шаардагы Алтын дарбаза көпүрөсүнө Тибетти колдогон ураан –чакырыктар илинген.

XS
SM
MD
LG