Казак өкмөт башчысы Карим Масимов 7-апрелдеги өкмөт отурумунда Айыл чарба министрлиги менен Соода министрлигине дан эгиндерин экспорттоого бажы салыгын көбөйтүп, буудайды сыртка сатыкка чыгарууну дээрлик чектөө иштерин ушул апта соңуна чейин бүткөрүүнү тапшырды.
Расмий маалыматтар боюнча Казакстан өткөн жылы сыртка тогуз миллион тонна буудай саткан. Айрым адистер үрөндүк буудайдын да чет өлкөгө сатылып кетиши мүмкүндүгүн белгилеп, казак өкмөт башчысынын мындай чараларын жактап чыгышты.
Казакстандагы азык-түлүк корпорациянын маалыматына ылайык учурда буудайдын бир тоннасынын-экспорттук наркы 370-380 АКШ долларын түзөт. Аталган корпорация быйыл да мамлекеттик резервди толуктоодон сырткары дан базарын туруктуу кармаш үчүн буудай сатып алаарын кабарлаган.
Ауезхан Даринов Казакстан фермерлер бирикмесинин төрагасы. Анын айтымында, өлкөнүн азык-түлүк корпорациясы дыйкандарга көмөк көрсөтүнүн ордуна кесепетин тийгизүүдө:
-Корпорация эч качан кымбат алган эмес. Тескерисинче алар өкмөттүн колдоосу менен арзаныраак сатып алууга куштар.
Айыл-чарба министрлигинин кабарлашынча 2007-жылы жыйырма бир миллион тонна буудай жыйналган. Казакстандан дан көбүнесе КМШ чөлкөмүнө сатылат. Айыл-чарба министринин орун басары Дулат Айтжановдун айтуусунда, эгин баасынын өсүшүнөн улам арпа, буудай эгилчү талаалар кескин өсүп, башка өсүмдүктөрдү айдоо азайышы ажеп эмес. Ошондуктан министрлик алтүгүл космостогу жасалма жандоочулардын жардамы аркылуу талаада эгилген өсүмдүктөр тууралуу кошумча маалымат алып, көзөмөл кылуу абзел деп санайт.
Байкоочулар нан баасы күн сайын өсүп жатканын белгилешет. Расмий маалыматтарга ылайык март айында азык-түлүк баасы он пайызга жакын жогорулаган.
Казак өкмөт башчысы Карим Масимов бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Айыл чарба министрлигине каражат бөлүнгөнүн маалымдады. Экономика министри Бакыт Султановдун билдиришинче азык-түлүк базарындагы жагдайдан улам 2008-жылы айдап себүү иштерине насия берүү үчүн өлкө казынасына 24 миллион теңге бөлүндү.
Астанадагы мамлекеттик эмес уюмдардын айрымдары 600 грамдык бөлкө нан алтымыш теңгеден сексен-токсон теңге болуп кымбатташы ыктымалдыгын билдиришти.
Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн эгин менен жабдыган өзгөчө маанилүү мамлекет. Ошондуктан анын коңшулары Астана эгин жаатында эмне деп сүйлөсө да, алтүгүл чүчкүрүп койсо да илгиртпей байкап турган кезең. Эгерде Астанада нан кымбаттаса, Өзбекстан сыяктуу пахтасы көп, эгин талаасы тартыш өлкөлөрдө нан баасы алда канча жогорулашы ажеп эмес. Бул болсо коомдогу социалдык көйгөйлөрдү андан ары күчөтүшү ыктымал, дешет аймактык серепчилер.