Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

15:11 Патент системасын кайра карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкерлер союзунун аткаруучу директору Үсөн Кыдыралиев билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта патент маселеси ишкерлер менен салыкчылар ортосунда көптөгөн түшүнбөстүктөргө алып келген. Жыл башында патент бааларынын жогорулашы дагы ишкерлер арасында нааразылык жаратууда. Дал ушундай проблемаларды чечүү үчүн, патент системасын толугу менен кайра карап чыгуу максатында жакын арада атайын комиссия түзүлгөнү жатат. Аны экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жетектейт, курамына бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер кирет. «Комиссия патент баалары, социалдык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, чет элдиктерге патент берүү маселесин карайт”,-деди Ү.Кыдыралиев.(AiJu)

XS
SM
MD
LG