Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

17:36 “Акыйкат үчүн” кыймылынын курултайына Таластан 150 делегат катыша турган болду


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Коомдук парламенттин мүчөсү Касый Райымкул уулу кабарлады. Анын айтымында, 12-апрелде өтө турган курултайда президент Курманбек Бакиевдин жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кайрадан кароо тууралуу маселеден тышкары, Таластын жогорку аймагындагы “Андаш” кенин ачтырбоо жана Манас районундагы карьерди казактарга бербөө тууралуу да маселе көтөрүлөт дейт. Азыркы тапта Касый Райымкул уулунун айтымында, Таластын ылдыйкы райондорунан курултайга бара турган адамдарды учурунда укук коргоо кызматкери болуп иштеп, азыр пенсиядагы Жыпарбек Тойчубеков жетектеп бармакчы. (UA)

XS
SM
MD
LG