Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 9-10-апрель күндөрү Ысыккөл, Талас облустарынын өрөөндүү жерлеринде жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0... -2 градус болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүл ачып калган бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

9-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20 градус.
Таласта түнкүсүн 0...+5, күндүз +14...+19 градус болот.
Баткен облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +17...+22 градус.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15 градус.
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +12...+17 градус.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +17...+19 градус.

XS
SM
MD
LG