Техаста фундаменталист мормондордун сектасына тиешелүү болгон комплекстен 500 аял жана балдар чыгарылды. 16 жаштагы кыздын сексуалдык зордукчулукка туш келгендиги тууралуу кабарлардан соң, Иса Машаяктын Кийинки Күндөгү Ыйыктарынын чиркөөсү деген ат менен белгилүү болгон мормондордун сектасына каршы иликтөө башталды.